Быйыл Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

 Быйыл Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 116 731,8 миң сом каралат.

Алар:

– Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом;

– Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом;

– ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом;

– Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – 28,4 млн сом;

– Региондорду өнүктүрүү фондуна – 50 млн сом;

– КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;

– Губернатордун резервдик фондуна – 3,7 млн ​​сом;

– Районду өнүктүрүү фонддоруна – 86,5 млн сом;

– Райондук мамлекеттик администрацияларга (акимдиктер) – 67,2 млн сом;

– Акимдердин резервдик каражаттарына – 2,5 млн сом каралат.

Связанный пост