Борбордун Ленин районуна жаңы аким дайындалды

 Борбордун Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Тагаев Мураталы Абдыкарович Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Связанный пост