Ошто шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берген

 Ошто шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берген

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Ж-Э” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан Ош шаарынын А.Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрүнө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост