Бишкектеги “Ала-Арча” соода борборундагы өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

 Бишкектеги “Ала-Арча” соода борборундагы өрттүн келип чыгуу себеби такталууда
КР ӨКМ пресс-борбору билдиргендей, 30-март күнү Ленин районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана ШТАБ тартылган.
Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, саат 20:08де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн.
Жабыргакандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост