Galleries

Президент

Президент Апрель революциясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди. «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, экс-Президент Сооронбай Жээнбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын […]Читать далее

Коом

Баткенде тоодо калып калган жаран куткарылды

Баткенде тоодо калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору билдирди. Бүгүн, 7-апрель күнү саат 08:03тө Сүлүктү шаарында белгисиз жарандын буту сынып, тоодо калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 08:05 чыгып кетишкен. Жарандын аты-жөнү такталып, 54 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган. Куткаруучулар жогоруда аты […]Читать далее

Коом

Борбор калаада Батыш автобекетин тазалоо иштери башталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана иретсиз токтотууларды жоюу үчүн шаардык кызматтар Батыш автобекетинин аймагына бордюрларды орното баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз бөлүмү билдирди. Бул маселе боюнча Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов шаар аралык такси айдоочулары менен Биринчи май акимчилигинин имаратынын жанында жолугуп, андан соң  баары Батыш автобекетинин аймагына барышып, (Чымкент көчөсү […]Читать далее

Коом

Бишкекте биринчи жөө жүрүүчү “Бродвей” пайда болушу мүмкүн

КР Президентинин “Жашыл Мурас” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы боюнча Биринчи Май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн “Бродвей” куруу пландалууда. Долбоорду  Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов жана Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Шаршенбай уулу Руслан жеринде талкуулашты. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик башкармалыгынын, “Бишкекжарык”, “Бишкексуучарба”, “Тазалык” муниципалдык ишканаларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) […]Читать далее

Президент Эл аралык мамилелер

Президент Сербия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, өлкөгө расмий сапар менен келген Сербия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Кыргызстан […]Читать далее

Коом

Талас шаарында 7-апрель элдик революциясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 6-апрелде, 6-7- апрель Элдик революция күнүнө карата Талас шаарынын “Баатырлар паркында” митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, калаа башчы Аскар Шабданов, “Баатырларга таазим” фондусунун мүчөлөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын жакындары, студенттер, шаар тургундары катышты. Эскерүү […]Читать далее

Билим Коом

Үч жеке менчик балдарды өнүктүрүү борборлору өз бизнесин өнүктүрүү үчүн

6-апрелде Бишкекте балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунун, мектепке чейинки жеке менчик билим берүү мекемелеринин жана алты жашка чейинки балдарды даярдоо курстарынын өкүлдөрү үчүн демо (көргөзмө) күнү өттү. Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү тармагын акселерациялоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Акселерацияга борбор шаарында, […]Читать далее

Коом

33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды

2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.К. Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Көрүлгөн чаралардын негизинде, 33 жаштагы М.А.Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө […]Читать далее

Билим Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш негизги кадамды

Билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты. Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы билим берүү тармагындагы реформаларды талкуулоого арналган бүгүнкү форум билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ал ошондой эле республикада билим берүүнү реформалоонун негизги беш багытына […]Читать далее

Укук тартиби

“Түштүк-Батыш” бажысы контрабандалык кийимдерди ташып кирүү фактысына бөгөт койду

“Түштүк-Батыш” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарлардын жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. «Г.Д.» дарегине Кытай Эл Республикасынан орнотулган мештер жана турмуш-тиричилик электр […]Читать далее