Борбор калаада Батыш автобекетин тазалоо иштери башталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана иретсиз токтотууларды жоюу үчүн шаардык кызматтар Батыш автобекетинин аймагына бордюрларды орното баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Бул маселе боюнча Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов шаар аралык такси айдоочулары менен Биринчи май акимчилигинин имаратынын жанында жолугуп, андан соң  баары Батыш автобекетинин аймагына барышып, (Чымкент көчөсү №1) жол кыймылынын абалын талкуулашты.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын Ассоциациясы,  Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жана МАБдын өкүлдөрү катышты.

Аким айдоочуларга алар токтогон жер муниципалитеттин карамагында экендигин жана бул жерди көрктөндүрүү иштери пландалып жаткандыгын, мындан тышкары жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотула тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, бардык такси айдоочуларына  Батыш автобекетинин аймагынан ыңгайлуу шарты менен унаа токтотуучу жайдын минималдуу акысы бар альтернативалык орун сунушталды.

Связанный пост