33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды

2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.К. Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Көрүлгөн чаралардын негизинде, 33 жаштагы М.А.Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.
2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тарбагында) жасаган.
1990-жылы биологиялык ата-энелери М.А.Чернышовду Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.
Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Связанный пост