Талас шаарында 7-апрель элдик революциясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 6-апрелде, 6-7- апрель Элдик революция күнүнө карата Талас шаарынын “Баатырлар паркында” митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, калаа башчы Аскар Шабданов, “Баатырларга таазим” фондусунун мүчөлөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын жакындары, студенттер, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарада 7-апрель Элдик революциясында курман болгон баатырлар үчүн куран окулуп, гүлчамбар коюлду. Ошондой эле аза күтүлүп аскердик залп атылды.

Эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгү К.Медетбеков атындагы Талас облустук драм театрында улантылып, 7-апрель баатырлардын жаркын элесине арналган театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү. Иш- чаранын соңку бөлүгү К.Медетбеков атындагы Талас облустук драм театры, Талас шаардык маданият бөлүмү, тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Связанный пост