Минкаб Төрагасы билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш негизги кадамды белгиледи

Билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы билим берүү тармагындагы реформаларды талкуулоого арналган бүгүнкү форум билим берүү системасын өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Ал ошондой эле республикада билим берүүнү реформалоонун негизги беш багытына толук токтолду.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилеген биринчи багыт окуу программаларын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташтыруу.

Бул жагдайда Акылбек Жапаров окуу программаларын “толук кайра карап чыгуу жөнүндө” айтты.

“Жарым-жартылай чечим чыгарууга убакыт эбак артта калды. Адаптация процессин эчак эле башташыбыз керек болчу. Биз ар кандай программаларды пилоттук кылып, тигил же бул программаны карап, ар кайсы өлкөлөрдө жана конференцияларда жүргөнүбүздө: ийгиликтүү тажрыйбаларды кабыл алууда бир нече доорлор өзгөрдү. Бүгүнкү күндө биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллекттин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунданын ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, “Өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү” идеясынан баш тартуу керек.

“Азыр жалгыз жол – секирип өтүү. Президент биздин алдыбызга дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жатат”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Билим берүү тармагын реформалоонун экинчи багытында Министрлер Кабинетинин башчысы окутуунун сапатын жогорулатууну белгиледи.

“Биздин мугалимдер билим берүү тармагынын ийгилигинин негизи. Биз аларга профессионалдык өсүү жана квалификасын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү мугалимдердин окуучуларына чыныгы насаатчы болуусуна жардам берет”, – дейт Акылбек Жапаров.

Үчүнчү багыт катары инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү белгиленди.

“Баардык окуучуларга алардын жайгашкан жерине жана социалдык-экономикалык абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маанилүү. Жакынкы жылдарда биз мектептерди, бала бакчаларды жана университеттердин жаңы кампустарын активдүү курабыз. Билим берүү министрлиги “Мектеп” басмасын кайра жандандырып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген окуу китептерин биздин мектептерде окутууга жана ишке киргизүүгө ылайыкташышы керек”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, төртүнчү багыт, билим берүүгө ийкемдүү мамилени киргизүү болушу керек.

“Балдарыбыз дүйнөлүк эмгек рыногунда ийгиликтүү жана татыктуу атаандаштыкка ээ болушу үчүн алар тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлаша билиши керек. Онлайн курстар, модулдук окутуу жана өмүр бою билим берүү сыяктуу билим берүүнүн ийкемдүү формалары биздин жарандарга эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жана алардын кызыкчылыктарына ылайык көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”, – деди Минкаб башчысы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы билим берүү тармагын реформалоонун бешинчи жана эң маанилүү багыты катары, чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууну белгиледи.

“Заманбап маалымат дүйнөсүндө маалыматтарды талдоо, негизделген чечимдерди кабыл алуу жана командада иштөө өзгөчө маанилүү. Окуучуларыбыздын чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн биз окуу процессине долбоордук окутуунун элементтерин, кейс-методун жана талкуу форматтарын киргизишибиз керек”, – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров биргелешкен күч-аракет менен жогорудагы негизги беш кадамды ишке ашырууга жана өлкөбүздө билимдүү муунду жана күчтүү адистерди даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот деген ишенимин билдирди.

“Балдарыбыздын жаркын жана ийгиликтүү келечегин кепилдөө үчүн жалпы максаттарыбызды жана стратегиябызды ишке ашырууда күчүбүздү бириктирели”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост