Президент Апрель революциясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди.

«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, экс-Президент Сооронбай Жээнбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдер катышты.

Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.

 

 

Связанный пост