“Түштүк-Батыш” бажысы контрабандалык кийимдерди ташып кирүү фактысына бөгөт койду

“Түштүк-Батыш” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарлардын жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Г.Д.» дарегине Кытай Эл Республикасынан орнотулган мештер жана турмуш-тиричилик электр приборлорунун тетиктери автотранспорт менен келген. Унааны бажылык кароодон өткөрүүдө декларацияланбаган товарлар-аялдардын кийимдери табылган, жалпы салмагы 1825 кг түзгөн.

Факт кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган дайындар системасынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Связанный пост