Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну талкуулашты. Өз сөзүндө М.Исаев мэрдин жана жалпы шаар тургундарынын атынан ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле ушул жылы бекитилген Ош шаарынын 2023-2026-жылдарга […]Читать далее
Куткаруучулар өспүрүмдү издөө иштерин улантууда. КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр а/а Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө. Белгилей […]Читать далее
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районундагы 8 объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки тротуардын кыртышы даярдалып, жолдогу чек таштары жана ирригация системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү асфальт-бетон төшөө иштери башталып, объект бүткөрүлөт. Көлмө конушунда Максат, Илим, Тынчтык жана Айкөл көчөлөрүнүн […]Читать далее
Туризм департаменти Үрүмчү шаарындагы Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Расмий жолугушууда Туризм департаменти Кытай […]Читать далее
Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды. Жеке ишкер Билал Идинов, бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда алгачкы жолу желимди кайра иштетүүчү завод Ак-Суу районунда курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Ак-Суу районунда желимди кайра иштетүүчү завод жакынкы күндөрү ишке берилмекчи. Ишкана 2022-жылы жеке ишкер тарабынан курула баштаган. Ишкер долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан долбоор колдоого алынып 20 млн. сом ишкананы курууга […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевди эскерүү иш-чарасына
Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде туулган, көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Иш-чарада улуу инсандын өрнөктүү өмүрү тууралуу сөз […]Читать далее
КР УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну кармалды. Ал жарандын башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаада эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер болгон. Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн […]Читать далее
Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте №93,79,97 мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Бул долбоорго “Жер Ынтымагы” (Арча-Бешик) […]Читать далее
Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунан билдиришти. Бүгүнкү күндө жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат. Буга чейин […]Читать далее