Жалал-Абад облусунда 11 күндөн бери куткаруучулар өспүрүмдү издешүүдө

Куткаруучулар өспүрүмдү издөө иштерин улантууда. КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти.

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр а/а Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

 

Связанный пост