Ош шаарында мэриянын жана ПРООНдун колдоосу менен жаңы жаштар борбору курулууда

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну талкуулашты.
Өз сөзүндө М.Исаев мэрдин жана жалпы шаар тургундарынын атынан ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле ушул жылы бекитилген Ош шаарынын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Мындан тышкары, шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин алдында жаңы жаштар борборун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул көп функционалдуу борборду түзүүнүн максаты – жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү жана социалдык биримдигин колдоо. Аталган борборду куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп, ПРООН менен биргеликте курулуш жана керектүү техникалар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
М.Ризал жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берди. Атап айтканда, тынчтык куруу долбоорлорун ишке ашыруу, эркектер менен аялдардын жумушка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, стартап жаштардын демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө бала бакчаларды жана мектептерди керектүү жабдыктар менен камсыздоодо материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү сунушталды.
М.Ризал ЮНИСЕФтеги өнөктөштөрү менен биргеликте бул маселени кароого убада берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты.

Связанный пост