Коом

Нурия Кутнаева Дубайда өткөн саммитте Кыргызстандын жасалма интеллект тармагындагы жетишкендиктери

Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн жасалма интеллект тармагындагы айрым жетишкендиктери менен тааныштырды. «Биздин бай кыргыз тилибиз санариптик үндө жаңырууга татыктуу. Ошондуктан былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети күчтүү жасалма интеллект менен суперкомпьютерге инвестициялап, Siri же Алиса сыяктуу кыргыз тилдүү чатботко жол ачкан». Элестеткиле, сиз өз эне тилиңизде жасалма […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-февралда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Шакиев Венгриянын Лакителек аймагындагы манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду.   Алсак, аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын алкагында Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту. ю   Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.   Мамлекет башчысы Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык […]Читать далее

Аймак

Ош шаарынын мэриясы Good Neighbors International Эл аралык уюму менен

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Иль Хён мырза менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде каражат чогултуу программасынын (фандрайзинг программасы) алкагында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле айыл жергесиндеги аялдарды колдоо, окутуу, логистикалык борборлордун, мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее

Аймак

Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат

Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-10 февраль күндөрү, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилиги астында, Анкара шаарында кыргыз-түрк өкмөттөр аралык 11-жыйынынын алкагында, кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өткөн. Анын […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Мамкызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалымкаттардын саны кыскарды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартылганын маалымдады.   Ведомствонун басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын тууралуу билдирет.   Алсак, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын президенти Hinduja Group компаниясынын төрагасы Гопичанд Хиндужа менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын жүрүшүндө Hinduja Group компаниясынын Төрагасы Гопичанд Хиндужа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Hinduja Group – экономиканын он бир негизги секторунда болгон индиялык трансулуттук конгломерат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө автоунаа куруу, мунайды кайра иштетүү, банк иштери жана каржы, маалыматтык технологиялар жана […]Читать далее

Аймак

Баткендин 25 айылын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат

Баткенде 25 айылда сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган “Тынчтык үчүн суу: Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар” долбоору ишке ашууда.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен жана Лейлек райондорунун 25 айылын камтыйт. Ал айыл тургундарынын сугат жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн, социалдык обьектилердин суу менен камсыз кылуусун жана канализациялык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын

Министрлер кабинетинин төрагасынын алдындагы илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.   Жыйындын жүрүшүндө президенттин “Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жана КР Улуттук илимдер академиясынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.   Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчынын […]Читать далее