2024-жылдын январь айына карата малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 45,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 150 баш чочко жана 3,8 миң баш жылкы ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди. Мындан сырткары, пилоттук негизде Араван, Кемин, Түп райондорунда 15,4 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өтүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоого алынды.Читать далее
Салык кызматынын ишкерлерди мыйзам бузуу фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогон текшерүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматынын 2024-жылдын 1-кварталына мерчемделген 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү ишкерлердин мыйзам бузган фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогондугуна байланыштуу каттоосу жокко чыгарылды. Маалымат үчүн, текшерүүчү органдардын аракеттерине ишкерлердин нааразычылыктары болгон учурда, 1212 ишеним телефону аркылуу прокуратурага кайрылуусуна мүмкүнчүлүк […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым […]Читать далее
“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук ккопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Ош базарынын аймагындагы “Фирма Акиф” ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, “Акиф Фирма” ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти […]Читать далее
Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында «КР Министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечи — министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров маалымат берди. Долбоордо министрлер кабинети “Керемет Банк” […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн (portal.tunduk.kg) мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) процесстери […]Читать далее
Нурия Кутнаева Дубайда өткөн саммитте Кыргызстандын жасалма интеллект тармагындагы жетишкендиктери
Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн жасалма интеллект тармагындагы айрым жетишкендиктери менен тааныштырды. «Биздин бай кыргыз тилибиз санариптик үндө жаңырууга татыктуу. Ошондуктан былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети күчтүү жасалма интеллект менен суперкомпьютерге инвестициялап, Siri же Алиса сыяктуу кыргыз тилдүү чатботко жол ачкан». Элестеткиле, сиз өз эне тилиңизде жасалма […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-февралда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Читать далее
Шакиев Венгриянын Лакителек аймагындагы манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду. Алсак, аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын алкагында Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту. ю Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык […]Читать далее