Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары – БАЭ) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды. Мухаммад бин […]Читать далее
Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты. Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Newpath Partners компаниясынын башкаруучу директору Томас Кэхилл менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Newpath Partners — медициналык-биологиялык илимге инвестиция салуу менен алектенген венчурдук фирма. Анын негизги максаты – илимий изилдөөлөрдүн алгачкы этаптарында илим чөйрөсүндөгү ишкерлерге колдоо көрсөтүү. 2018-жылы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде болгон көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыкты, ошондой эле жабыркаган имараттарды көрүштү. Маалым болгондой, штаттык эмес кырдаал […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2 мин 121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген. Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң 881 даананы түзөт. Маданий мекемелер толугу менен “Инфодокс” электрондук кат алмашуу системасына […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Улуу мартабалуулар, Улуу даражалуулар, Урматтуу Мамлекет башчылары жана Өкмөт жетекчилери, Айымдар жана мырзалар, Бүткүл дүйнөлүк Өкмөттүк Саммиттин мааракелик онунчу иш-чарасында сиздер менен жүз көрүшүп, сөз сүйлөп жатканыма абдан кубанычтамын. Эң алды менен, Бириккен Араб […]Читать далее
УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган. Анын ичинде 16 млрд 498,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 млн сомго […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү. Негизги жетишкендиктердин бири болуп эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду. Система […]Читать далее