Нурия Кутнаева Дубайда өткөн саммитте Кыргызстандын жасалма интеллект тармагындагы жетишкендиктери менен тааныштырды

 Нурия Кутнаева Дубайда өткөн саммитте Кыргызстандын жасалма интеллект тармагындагы жетишкендиктери менен тааныштырды

Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн жасалма интеллект тармагындагы айрым жетишкендиктери менен тааныштырды.

«Биздин бай кыргыз тилибиз санариптик үндө жаңырууга татыктуу. Ошондуктан былтыр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети күчтүү жасалма интеллект менен суперкомпьютерге инвестициялап, Siri же Алиса сыяктуу кыргыз тилдүү чатботко жол ачкан». Элестеткиле, сиз өз эне тилиңизде жасалма интелект менен баарлашып, маалыматка жетүү жана маданий мурастарыңызды сактап калуу – бул долбоорду ишке ашыруудагы кыял», – деп белгиледи Нурия Кутнаева.

Министр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жасалма интелект киргизүү пландары менен бөлүшүп, ошондой эле ChatGPTтин кыргыз аналогу болгон «Акылай» долбоорун өнүктүрүүдө жергиликтүү иштеп чыгуучулардын аракетин баса белгиледи.

Ошондой эле, өз сөзүндө Кутнаева жасалма интелект киргизүү жана колдонуу стандарттарын кармтыган Санариптик кодекстин иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү: «Биз дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага таяндык, бирок биз татаал процедураларды абдан жөнөкөйлөштүрдүк жана аларды биздин шарттарга ылайыкташтыруу үчүн керексиз институттарды жокко чыгардык. Кодексте жасалма интелекти жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү катарында – кылмыш иши үчүн атайын иштелип чыккан системаларга тыюу салуу, жогорку кооптуу системаларды өзгөчө  жөнгө салуу, колдонуучуга адам менен эмес жасалма интелект менен өз ара аракеттенүү жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле  дипфейктерге чектөөлөр кирет».

Соңунда министр Кыргызстан өзүнүн жетишкендиктери жана инновациялары менен жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк процесстерге активдүү катышып жатканын белгиледи.

 

Связанный пост