Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар маалымат күркөлөрүнөн кандай маалымат ала алышары боюнча билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт. Орнотулган күркөлөрдүн дареги: – Бишкек шаарынын аэропортунда – 2; – Ош аэропортунда – 2; – Баткен аэропортунда – 1; – Жалал-Абад аэропортунда – 1; – Бишкек […]Читать далее
Бишкектин Ак-Бата кичирайонунда 660 орундуу жалпы билим берүү мектеби курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет. Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт. “Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Бишкек мэриясы борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияны эске алуу менен локалдуу жылуулук электр станцияларын жана от казандарын курууну пландоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жыйынына катышты, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Коллегиянын отурумунда муниципалитеттин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата милдеттери талкууланды. Коллегиянын жыйынында сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мэриянын кызматкерлерине Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал учурунда координацияланган оперативдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал […]Читать далее
Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын жана баалуулуктарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мындай кадам КРнын Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Анда музей буюмдарын кабыл алуу жана эсепке алуу, музейде предметтин орун которууларын документ түрүндө тариздөө, инвентардык жана […]Читать далее
Жарандар 2024-жылдын 9-июнуна чейин “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамын колдоно алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт. Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттар ж.б.) легалдаштырууну карайт. Мында мамлекет декларантка активдердин сакталышына жана жазыктык куугунтуктоодон корголуусуна бир катар кепилдиктерди берет. Ал кепилдиктердин бири Мыйзам күчүнө киргенге […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Ведомство электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу ишке ашырылышын билдирет. “Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынды. Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 15 бала эмгекке […]Читать далее
2024-жылдын январь айына карата малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 45,5 миң баш ири мүйүздүү мал, 150 баш чочко жана 3,8 миң баш жылкы ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди. Мындан сырткары, пилоттук негизде Араван, Кемин, Түп райондорунда 15,4 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өтүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоого алынды.Читать далее
Салык кызматынын ишкерлерди мыйзам бузуу фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогон текшерүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматынын 2024-жылдын 1-кварталына мерчемделген 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү ишкерлердин мыйзам бузган фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогондугуна байланыштуу каттоосу жокко чыгарылды. Маалымат үчүн, текшерүүчү органдардын аракеттерине ишкерлердин нааразычылыктары болгон учурда, 1212 ишеним телефону аркылуу прокуратурага кайрылуусуна мүмкүнчүлүк […]Читать далее