Коом

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

23-февралдан 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.   Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   «Жолдош жоокерлер жана офицерлер! Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери! Жалпы эле кыргызстандыктар!   Ар жылы ушул күнү Мекен коргоочуларыбызга сый-урмат көрсөтүп, ар-намысы менен ариетин бийик тутуп, Ата Мекенге ак кызмат өтөп, кийинки муунга үлгү болгон уул-кыздарыбызды […]Читать далее

Коом

Энергетика министрилиги кытайлык «NBTC Limited» компаниясы менен кызматташат

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О. Ибраевдин кытайлык «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору менен жолугушуусу болуп өттү. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “ВИВ”кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «NBTC […]Читать далее

Президент

Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) жаңы редакцияда баяндалды, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бензин жана дизель майына таңкыстык жок

Кыргызстанда бензин жана дизель майына таңкыстык жок. Баалар туруктуу.   2024-жылдын 22-февраль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча Макулдашуунун алкагында, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майлардын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө сезондук жеңилдиктерди берүү менен зарыл болгон […]Читать далее

Укук тартиби

Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке

МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшүн жана келечегин, ошондой эле ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууну талкуулады. Жолугушууда долбоордун олуттуу жылышы жана анын […]Читать далее

Экономика

Бишкекте Кыргызстандын текстиль жана тигүү өнөр жайынын маселелери талкууланды

Бишкекте “Кийим тигүү тармагы: күчтөрдү бириктирүү жана тигүү тармагынын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү” деген темада тегерек стол өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясынын, КР текстиль жана тигүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында бир катар маселелер, атап айтканда, тигүү тармагын […]Читать далее

Аймак

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан КР президентинин жарлыгынын негизинде ишке ашырылган. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев: Климаттын өзгөрүүсүнө карата узак мөөнөттү бирдиктүү система менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда Минкаб башчысынын орун басары өлкөнүн уникалдуу экологиялык тутумун сактоо, жарандарынын жашоо-турмушунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биоресурстарды, жер казынасын, суу ресурстарын, экологияны жана климатты коргоону камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык, өнөр-жайлык коопсуздуктун талаптарынын […]Читать далее