Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык аталган берене төмөнкү беренелер менен толукталды:

 

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);

 

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);

 

– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);

 

– 336-беренеси менен (Коррупция).

 

Ошондой эле, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси эгерде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш ишти токтотууга жол берилбей тургандыгы боюнча бөлүк менен толукталды.

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост