Экономика

Чүй облусунда монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат

Чүй облусунун аймагында монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Facebook`тагы баракчасына жазды. Улуттук агенттик жана “Роялсафа” жоопкерчилиги чектелген коому аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Иинвестициялык долбоордун суммасы 1 млн долларды түзөт. Завод ишке киргенде бир катар жерегиликтүү жарандар иш […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандык 5 спортчу Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо утту

Кыргызстандык спортчулар быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди. Анын айтымында, учурда Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү) жана Денис Петрашовдо (суучул) жолдомо бар. […]Читать далее

Маданият

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда 70 музыкалык мектеп курулат

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жыл аралыгында 70 музыкалык мектеп курулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал белгилегендей, мектептердин курулушу калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.Читать далее

Укук тартиби

Ошто мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды

 Ошто мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, куралдар Ош оОИИБ тарабынан жүргүзүлгөн “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында алынган. Анда кызматкерлер ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришти. […]Читать далее

Спорт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында ведомствонун башчысы Алтынбек Максутов билдирди. Ал белгилегендей, бул маселе учурда талкууланып жатат. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Ал көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан өкмөтү […]Читать далее

Экономика

“Кумтөр Голд Компанинин” 2023-жылдагы таза кирешеси 302 млн долларды түздү

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2023-жылы таза кирешеси план боюнча 194 млн доллар болсо, иш жүзүндө 302,4 млн долларды түздү. Бул тууралуу ишкананын 2023-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде белгилүү болду. Ишканадан билдиришкендей, 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734,2 млн доллардын ордуна 849 млн долларды түзгөн. 2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын казылган. […]Читать далее

Укук тартиби

Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначевди 29-мартка чейин камакта калтырылды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 22-февралда кабыл алынган. Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча 21- февралда эмгек министринин орун басары Улан […]Читать далее

Спорт

Көк бөрү жана кыргыз күрөшү V ДКОнун программасына киргизилген жок

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ведомствонун коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго көк бөрү жана кыргыз күрөшүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештеринин тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Анын айтымында, кыргыз улуттук оюндары тизмеге көргөзмөлүү мелдештер катары киргизилген. “Бул туура эмес деп эсептейм жана сизди бул маселени чечүүгө жардам […]Читать далее

Укук тартиби

ЖК мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сот Жолдошбаевге карата чечимди 22-февралда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарган. Эскерте кетсек, 21-февралда УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалган.Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан ломбард уюмдары тарабынан алдамчылык жана ар кандай мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле борбор калаанын калкына бул жаатта ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өлкө жарандарына жогорку үстөк пайыз менен акча […]Читать далее