Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Тиешелүү чечим БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызынын негизинде кабыл алынды. Ошентип, Баткен жана Кара-Суу райондорунун бир мандаттуу округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.Читать далее
Акылбек Жапаров геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексти: “Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек шакиев 2024-жылы күз айларында иш сапары менен Японияга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төраганын иш сапарын уюштуруу маселеси Кыргызстандын элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушуусунда талкууланды.Читать далее
2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Э.Осоевдун Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушууларды өткөрдү. Кеңири баарлашуунун жана пикир алмашуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, парламенттер аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жигердүү аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Элчи Э.Осоев […]Читать далее
Социалдык тармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир соцтармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө аталган социалдык тармактардын колдонуучусу М.Б. болуп чыккан. Видеоматериалдардын негизингде тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында бул […]Читать далее
“Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан уюштурулган (аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныктады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында […]Читать далее
Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. “Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, […]Читать далее
Ошто жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурда – “Кадастр” ММнын Ош филиалы) кызмат абалынан […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (ЧонЧитать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат УКТ мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин активдүү жардамы менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардан опузалап акча талап кылуу жана өндүрүү фактыларын аныктап, […]Читать далее