Кыргызстанда бензин жана дизель майына таңкыстык жок

 Кыргызстанда бензин жана дизель майына таңкыстык жок

Кыргызстанда бензин жана дизель майына таңкыстык жок. Баалар туруктуу.

 

2024-жылдын 22-февраль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча Макулдашуунун алкагында, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майлардын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө сезондук жеңилдиктерди берүү менен зарыл болгон күйүүчү май запасын камсыз кылууга кепилдик берет.

Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок.

Республиканын май куюуучу жайларында чекене баанын бир аз жогорулашы, Россия Федерациясындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу. Бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу. Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат.

Связанный пост