Энергетика министрилиги кытайлык «NBTC Limited» компаниясы менен кызматташат

 Энергетика министрилиги кытайлык «NBTC Limited» компаниясы менен кызматташат

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О. Ибраевдин кытайлык «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “ВИВ”кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору Цай Чжифан кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат.

Связанный пост