“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарына 2024-2025 жылдардын Күз-кыш мезгилине карата жаңы 30 даана отказан жаңылануу планадалып жатат. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалы “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” тарабынан Беловодск,Нарын,Каракол,Жалал-Абад,Таш-Кɵмүр,,Кара-Кɵл филиалдарына ар кандай кубаттулуктагы 24 даана “ВОССТ-М” маркасындагы отказандарын жазап филиалдарга жерине жеткирип орнотуп берүү пландалууда. Ал эми,калган 6 даана отказанды Россия Федерациясынан Кара-Балта филиалына 3 даана,Токмок филиалына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тамаш Шуйокту Венгриянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. «Сизди Венгриянын Президентинин жогорку кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Венгриянын элинин бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ишиңиз ийгиликтүү боло берсин. Сиз Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурасыз деп тереӊ ишенем. Эки тараптуу мамилелерди Сиз менен бирге […]Читать далее
Кыргыз Республикасы менен SECO (Швейцария) ортосундагы “Ат Башы ГЭСин реконструкциялоо” долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24,7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган. 2023-жылы “Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо”долбоорун ишке ашыруу аяктап, аталган долбоордун алкагында 22,4 млн швейцариялык франк өздөштүрүлгөн. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га […]Читать далее
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Ozon маркетплейси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, меморандумга кол коюу аземи 28-февралда Бишкекте Digital Kyrgyzstan Эл аралык ПЛАС-Форумунун ишкер программасынын алкагында өттү. Тараптар республикада чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү, онлайн-соода сегментинде экономиканын гармониялуу өсүшүн камсыз кылууну макулдашышты. Ozon менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын кызматташтыгынын […]Читать далее
“Социалдык контракт” программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, “Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат. “Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жазгы аскердик кызматка чакыруу иштерин баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Токтом” маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Ошентип, КР президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ N 34 Жарлыгына ылайык 2024-жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон жарандар КР Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган […]Читать далее
2019-2023-жылдар аралыгында “Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу Жалал-Абад облусунун 10 айылында (28 303 адам үчүн) жана 24 мектепте (14 694 окуучу үчүн) суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын курулушу аяктады. Суу менен жабдуу өндүрүшүнүн электрдик жана механикалык түзүүчүлөрүн (скважиналар, суу чыгаргычтар ж.б., ошондой эле […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди. Минкаб төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жолугушууда министрдин орун басары саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. “iEPID” – саламаттык сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды. Эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-монгол кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкта оң динамика байкалганын, тактап айтканда, саясий диалог кеңейтилгенин жана экономикалык байланыштар активдүү алга жылып жатканын белгиледи. Билим […]Читать далее