Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы “Ынтымак жумалыгы” аянтчасынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тынчтыкты куруу жаатындагы адамдарды жана уюмдарды бириктирген “Ынтымак жумалыгы” аянтчасынын ачылышына катышты. Куттуктоо сөзүндө МинКаб Төрагасы “Ынтымак жумалыгынын ачылышы өзгөчө окуяга жана терең мааниге ээ” деп белгиледи. “Ар бир коомдун болушунун негизи – бул биримдик. Бул убакытка жана аймакка карабастан ата-бабаларыбыздын акылмандыгы. […]Читать далее

Коом

Бишкекте эл аралык кайрымдуулук марафону өттү

Бишкекте эл аралык кайрымдуулук “BMW LEOPARD RUN” жарым марафону болуп, анын маршруту борбор калаанын негизги көчөлөрү менен өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чара мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана “Autocenter Эстокада” BMW маркетинг бөлүмүнүн башчысы Эмир Темирбеков тарабынан ачылды. Өлкөнүн башкы жарышына 5 миңден ашуун жөө күлүк катышып, анын 600ү […]Читать далее

Коом

Ош шаарында “Түштүк Экспо – 2023” көргөзмө- жарманкеси башталды

Бүгүн, 18-июнда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз […]Читать далее

Коом

Ашууларга кар түштү. Транспорт министрлиги айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга

18-сентябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы катталып, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына 30 см калыңдыктагы кар жаады. Ошондой эле Долон ашуусуна кыламык кар жаап, күн бүркөк. Барскоон-Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорундагы бул ашууларда учурда каттам бар жана өлкөнүн башка жолдорунда да унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 18-сентябрда түнкүсүн […]Читать далее

Коом

Быйыл Талас шаарында 6 балдар аянтчасы курулат

Быйыл Талас шаарында балдар ойноочу 6 аянтча курулуп колдонууга берилет. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев Ж. Молдосанов жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан балдар ойноочу аянтчанын курулуш иштери менен жеринен таанышты. Анда куруучуларга иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу, мүчүлүштүктөрдү өз убагында жөнгө салуу тапшырмасын берди. Буга […]Читать далее

Коом

Ош шаарында санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылды

Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уланууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салондор, 4 тиш дарылоочу борборлор, 5 медициналык дарылоо бөлмөлөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин төрагаларынын

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Алсак делегациянын курамында депутаттар […]Читать далее

Президент

Президент иш сапар менен Нью-Йоркко келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын […]Читать далее

Экономика

Сиань шаарында Кыргызстандын соода үйүнүн ачылышына даярдыктар көрүлүүдө

2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчилиги – Ху Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда соода өкүлү Кыргызстандын экспорттук потенциалына токтолуп, Кыргызстан экологиялык жактан таза продукциялары менен сыймыктана тургандыгын белгиледи. Ал Сиань шаарындагы Соода үйүнүн ачылышы кыргыз продукциясын Кытайда онлайн жана оффлайн режиминде сатуунун […]Читать далее

Экономика

АЧК-11 долбоорунун негизинде 3,26 млрд сом кредит берилди

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 266,6 млн сом […]Читать далее