“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы келерки кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо пландалууда

 “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы келерки кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо пландалууда
“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарына 2024-2025 жылдардын Күз-кыш мезгилине карата жаңы 30 даана отказан жаңылануу планадалып жатат.
“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалы “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” тарабынан Беловодск,Нарын,Каракол,Жалал-Абад,Таш-Кɵмүр,,Кара-Кɵл филиалдарына ар кандай кубаттулуктагы 24 даана “ВОССТ-М” маркасындагы отказандарын жазап филиалдарга жерине жеткирип орнотуп берүү пландалууда. Ал эми,калган 6 даана отказанды Россия Федерациясынан Кара-Балта филиалына 3 даана,Токмок филиалына 1 даана,Талас филиалына 1 даана,Майлуу-Суу филиалына 1 даана сатып алуу пландалууда.
Белгилей кетсек, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы структуралык бɵлүмдɵрүнүн бири болуп саналат. Бул ишкана акыркы бир нече жылдан бери «Кыргызжылуулукэнерго» бирикмесинин филиалдарына отказандарды жасап, жерине жеткирип орнотуп келе жатат.
Андан сырткары,Россия Федерациясынан алынган отказандарды жерине барып орнотуп монтаждоо иштерин да “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы ишке ашырып келет.
Оңдоп-түзɵɵ иштерин кылууда “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы отказандар менен камсыз кылып андан сырткары,сырттан алып келинген отказандарды да орнотуп монтаждап оңдоп-түзɵɵ иштеринде кɵп иштерди ɵз мойнуна алып келет.
Эске салсак, былтыр Кыргызстан боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИсы боюнча Чүйдɵгү АКМК филиалы тарабынан 33 даана отказан жаңыланып, 7 даана отказан Россия Федерациясынан алынып келип орнотулуп бүгүнкү күндɵ иштеп жатат.

Связанный пост