“Социалдык контракт” программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, “Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат. “Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жазгы аскердик кызматка чакыруу иштерин баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Токтом” маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Ошентип, КР президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ N 34 Жарлыгына ылайык 2024-жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон жарандар КР Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган […]Читать далее
2019-2023-жылдар аралыгында “Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу Жалал-Абад облусунун 10 айылында (28 303 адам үчүн) жана 24 мектепте (14 694 окуучу үчүн) суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын курулушу аяктады. Суу менен жабдуу өндүрүшүнүн электрдик жана механикалык түзүүчүлөрүн (скважиналар, суу чыгаргычтар ж.б., ошондой эле […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди. Минкаб төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жолугушууда министрдин орун басары саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. “iEPID” – саламаттык сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды. Эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-монгол кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкта оң динамика байкалганын, тактап айтканда, саясий диалог кеңейтилгенин жана экономикалык байланыштар активдүү алга жылып жатканын белгиледи. Билим […]Читать далее
Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР айрым мыйзам актыларына, анын ичинен “КР Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, бүгүндөн тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы (Укук бузуу кодексинин 177-180-беренелерине жана 182-200-беренелерге салынган айып пулдар) эреже бузууларга […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы JIA Бизнес Ассоциациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында «Бизнести агартууу кербени – салык реформасынын чакырыктары» долбоорун ишке киргизет. Ведомстводон билдиришкендей, долбоордун алкагында бизнес-коомчулугу үчүн эң актуалдуу темаларды талкуулоо үчүн бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Анын ичинде Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык […]Читать далее
Кыргызстанда инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Digital Kyrgyzstan” эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. МинКаб Төрагасы белгилегендей, бул борбор өкмөттүк мекеме болуп эсептелет, ал мамлекеттик […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө УКМК тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз […]Читать далее