Президент

Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланышкан жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.   Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун […]Читать далее

Коом

«Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн учагын сатып алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду. Бул келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты жана аталган келишим […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Бүгүнкү күндө үй-бүлө экономикасын калыптандырууда аялдар алдыда

Мындай жыйынтык “социалдык келишим” долбоорунун алдын ала жыйынтыктарына жүргүзүлгөн мониторингде камтылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мониторингдин маалыматтары боюнча “социалдык контракт” долбоорунун 10 миң катышуучусунун 95,6% аялдар түзөт. Ошол эле учурда Ош облусунда аялдардын катышуусу жалпы катышуучулардын 99,4% түзөт. Алардын ичинен 7,5 миңден ашууну Айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырышат, 1,3 миңден ашууну […]Читать далее

Президент

Президент: Чечилбеген маселелер жок, саясий эрк керек

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Бешинчи Консультативдик жолугушууга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев чакырылган мейман катары катышты. Мамлекет башчысы […]Читать далее

Коом

Кытайдын компаниясы Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 500 мВт болгон күн электр

2023-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен «China Energy Engineering Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Электр станцияларын курууга жана аларга жабдууларды чыгарууга адистешкен компания Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагында компанияга берилчү жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маселелер талкууланды. Улуттук агенттиктин […]Читать далее

Укук тартиби

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлери

2023-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды. Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн […]Читать далее

Экономика

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 626,7 млн сом

2023-жылга КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 2023-жылга 1 134,8 млн сом суммасында каражат каралган. Анын ичинен: – бюджеттик каражаттар 667,2 млн сом; – атайын каражаттар 467,6 млн сом. 2023-жылга каралган каражаттардын ичинен 27,8 млн сом өлчөмүндө каражат КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте билим берүү тармагында кезектеги коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтуу боюнча иштер улантылып, дагы бир кылмыш иши козголду, анын алкагында балдардын тамак-ашын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, токтотулду. Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар, жеке материалдык пайда алуу максатында […]Читать далее

Коом

Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдар жаңыланууда

Ысык-Көл облусунда эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырылып, реконструкция иштери жүрүп жатат. Реконструкциянын алкагында авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылууда. Учурда Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп районунун Балбай, Түп, Сары-Тологой айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында СИП зымдыран орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Алдыда Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда СИП зымдарын орнотуу […]Читать далее