Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат

 Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жолугушууда министрдин орун басары саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

“iEPID” – саламаттык сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат системасы, “iEMDOO” – иммунизациялоонун толук циклдүү маалыматтык системасы, “Санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы”, “Санариптик медициналык маалымкат” – төрөлүү жана өлүм фактыларын алгачкы каттоонун маалыматтык системасы сыяктуу саламаттыкты сактоо тармагындагы санарип продуктулары талкууланды.

«Биз санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн экспертиза жана тажрыйба алмашуу жаатында бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз», – деди Жангазиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана туруктуу негизде тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Связанный пост