5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тарыхый сапар Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери алгач ирет уюштурулууда, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы. Алгач төрага Улуу Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды. Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Жылуулук электр борбору — 2 (ЖЭБ-2) ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 5-марттагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министр отурумдун жүрүшүндө депутаттын суроосуна жооп берип жатып, союз мезгилинде курулган жылуулук борбору болгону алты ай гана иштегендигин айтты. “ЖЭБдин имараты ошол боюнча калат. […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугушуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин укту. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Ардагерлер төмөнкү багыттагы сунуштарды карап көрүүнү өтүндү. Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, […]Читать далее
Кыргызстандын жараны Рысалиев Таалайбек Кумашевич Бириккен Араб Эмираттарында аныкталып, кармалды. Ал маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти. Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 48 жаштагы жаран үстүбүздөгү жылдын 21-февралында кармалган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан катышкан 217 мектептин 4 миңден ашуун окуучусуна онлайн сабак өткөрдү. Онлайн сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ошондой эле 5-6-класстын окуучулары zoom-конференция аркылуу кошулду. Сабак интернеттен билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана интернеттин коопсуздук эрежелери темасыда болду. Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө калкынын 40% 18 […]Читать далее
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт. Аталган балдар бакчасынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1480,9 чарчы метр. Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.Читать далее
Жарандардын ден соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо. Айрым мыйзам актыларына
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл […]Читать далее
Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү. 1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын “Резерв” Республикалык мамлекеттик ишканасынын “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн. […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” Муниципалдык ишканасынын автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады. Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы […]Читать далее