Таластын Көк-Сай айылында курулушу 2017-жылы башталган бала бакча быйыл колдонууга берилет

 Таластын Көк-Сай айылында курулушу 2017-жылы башталган бала бакча быйыл колдонууга берилет

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

 

Аталган балдар бакчасынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1480,9 чарчы метр.

 

Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.

Связанный пост