Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

 Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” Муниципалдык ишканасынын автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады.

Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы да көбөйтүлөт.Белгилей кетсек, учурда шаарда 600дөн ашуун жаңы автобус иштеп жатат. Ушул айдын аягында Кытайдан дагы 500 автобус келет. Шаар боюнча каттаган микроавтобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Миңден ашык автобусту жайгаштыруу үчүн “Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” экинчи автобазанын аймагын ирээтке келтирип, Кустанай көчөсүндө жайгашкан имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Ал жакта дагы газ куюучу станция курулат.

Связанный пост