Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 2 миң тонна дизель берди

 Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 2 миң тонна дизель берди

Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү.

 

1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын “Резерв” Республикалык мамлекеттик ишканасынын “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн.

 

Бүгүн, 17 вагон-цистернага салынган бул жүк Бишкекке келип, Кыргызстандын Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди.

 

“Эми калган 17 вагон (1000 тонна) дизелдик отуну жакында келет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост