Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. “2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган. Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-сентябрда, Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан болчу. Айкелди жаш скульптор Тамила Маматова жасаган. “Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Facebook’тагы баракчасы аркылуу өлкөдө тик учактардын саны дагы бирге көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы Россия тарап Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын берген экен. Албетте, Россиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыктарында пайдаланылат. “Бирок, тилекке каршы, аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу […]Читать далее
2022-жылы республика боюнча 2800 жакыр жана аз камыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген, алардын 99,6% ийгиликтүү ишин жүргүзгөндүктөн, 2023-жылы 10 000 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөгө социалдык контракт каралып, долбоордун ийгиликтүүлүгү байкалууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2024-жылга Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнү 20 […]Читать далее
Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык “China North Industries Group Corporation Limited” (Norinco) компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында кызматташуунун багыттарын, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, геология жана геологиялык чалгындоо маселелерин талкуулашты. МинКаб Төрагасы эки тараптуу мамилелерди активдүү бекемдөөгө өбөлгө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу “Асыл” спорт комплексин ачты. Спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар […]Читать далее
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери жаңы автобекетти, жаңы Ош базарын, турак жайларды жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул долбоорлонгон шаарча Бишкек шаарынын түндүк тарабында, Сокулук районунун аймагындагы Фучик -Василевский Тракт көчөсүнүн боюнда жайгашкан. Пландаштыруу жана куруу долбоору менен аймакты 4 зонага жалпы функционалдык бөлүү сунушталат: – шаар зонасы – Кайра жайгаштырылуучу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Катар инвестициялык агенттигинин Африка жана Азия региондору боюнча башкы директору, “Ooredoo” тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Файсал бин Тани Аль Тани жетектеген катардык делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестиция, туризм, соода-экономикалык жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо, алып өтүү, сактоо, жөнөтүү жана сатуу иштерине контролду күчөтүүдө. Ушуга байланыштуу, уникалдуу молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасын киргизүү пландаштырылууда. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов күйүүчү майды башкаруу жана отун май маркерин колдонуу аркылуу маркалоо процесси менен таанышты. Чет элдик компаниянын өкүлүнүн айтымында, маркалоо процессинде көчүрүүгө, жууп […]Читать далее
УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек […]Читать далее