Жарандардын ден соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо. Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр кирди

 Жарандардын ден соолугун тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо. Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки буюмдарын чегүүгө тыюу салуу киргизилет.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тамеки чегүү үчүн атайын жайларды бөлүп берүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдууга укуктуу.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде 18 жашка чыга элек балдарга тамеки буюмдарын сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн адамдардын жоопкерчилиги каралган, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган.

Связанный пост