Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Айымдар жана мырзалар,

Баарынан мурда Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевге Азербайжан Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Биздин делегациянын атынан Азербайжан боордошторубузга салттуу жылуу меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирем.

Биз Азербайжандын берекелүү жерине дагы бир жолу келип, кооз Баку шаарына болгон суктануубузду билдиребиз.

Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин жетекчилиги астында өзүнүн жаркын келечегин ишенимдүү куруп, Азербайжан мамлекетин бекемдеген боордош Азербайжан элинин ийгиликтерине кубанып жатабыз.

Бүгүн биз Азербайжан Республикасынын урматтуу Президенти менен Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык актуалдуу маселелери боюнча предметтик сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, эки өлкөнүн айрым министрликтеринин жетекчилеринин баяндамаларын уктук.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө багытталган чечимдер кабыл алынды.

Сүйлөшүүлөр адаттагыдай эле биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык байланыштарды мүнөздөгөн достук, ачык-айкын жана ишеним атмосферасында өткөнүн баса белгилеп кетким келет.

Биздин жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду.
Бул документке кол коюу практикада калыптанган эки тараптуу стратегиялык мамилелердин терең мүнөзүн расмий бекемдейт.

Биз Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун келечегин талкууладык, Азербайжан тарап Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын курулушу, кыргыз тарап Агдам районундагы орто мектептин курулушу боюнча маселелерди козгодук.

Мектеп куруу Кыргызстандын чыр-чатактан жабыркаган аймактарда тынчтыкты калыбына келтирүү ишине кошкон салымы болуп саналат. Биз эртең ушул мектептин курулушуна капсула салууну пландаштырып жатабыз.
Мындан тышкары Биргелешкен кыргыз-азербайжан  экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын  кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Комиссиянын иши биздин  өлкөлөрдүн ортосунда соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатындагы маселелерди талкуулоо жана илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Борбор Азия жана Түштүк Кавказ аркылуу өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү маселелеринде эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү келечеги талкууланды.

Бүгүн биз ар кыл чөйрөлөрдө мындан аркы тыгыз иштерге багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол койдук.
Кол коюлган документтердин ичинен Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү беш жылдык комплекстүү программасын бөлүп көрсөтүүгө болот, ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн орто мөөнөттүү келечекке карата негизги жол картасы катары колдонулат.

Ошондой эле  эки өлкөнүн чарбалык субъекттеринин өз ара экономикалык ишмердүүлүгү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын ортосунда кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлганын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биз ушул жумада Баку шаарында Азербайжан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү менен бекемделген маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүлөрүбүзгө канааттануу билдиребиз.

Дүйнөлүк белгилүү жазуучу, кыргыз элинин жана түрк дүйнөсүн уулу – Чыңгыз Айтматовдун элесин сактап калуу үчүн Азербайжан тарапка терең ыраазычылык билдиребиз. Эртең Баку шаарында анын айкелин ачуу пландалууда.
Биз быйыл Азербайжанда жана Кыргызстанда өтүүчү Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында боло турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларды талкууладык.

Мен урматтуу Ильхам Гейдаровичти куттуктадым жана учурдан пайдаланып жалпы боордош азербайжан элин үстүбүздөгү жылы глобалдык масштабдагы иш-чара – БУУ Рамкалык конвенциясынын климаттын өзгөрүүсү жөнүндө конференциясынын 29-сессиясын өткөрүү укугун алышы менен куттуктайм. Чындыгында, бул маанилүү окуя, бир тууган өлкө мындай ири иш-чараны өткөрүп жатканына чын дилден кубанычтабыз.

Сөз соңунда бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана жетишилген макулдашууларга канааттануу билдирип кетким келет.

Алар биздин мамлекеттерибиздин бардык тармактарда тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыктарында достук мамилелерди ар тараптан чыңдоого өз ара умтулгандыгын ачык-айкын көрсөтүп турат.

Мен дагы бир жолу Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Илхам Гейдарович Алиевге жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдирем жана боордош Азербайжан элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат».

Связанный пост