Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн долларга көтөрүлөт

 Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн долларга көтөрүлөт

“Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун капиталы 100 млн долларга көтөрүлөт. Бул тууралуу “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

 

Анын айтымына караганда, биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонддун баштапкы уставдык капиталы 25 млн доллар болгон.

 

“Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир-эки күндүн ичинде фонддун капиталын жогорулатуу боюнча келишимге кол коюлат. Макулдашууга ылайык, каражат Кыргызстандагы ипотекалык турак жайларды курууну алдыга жылдыруу жана өнүктүрүүгө жумшалмакчы”, – деди ал.

 

Эске сала кетсек, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга 2022-жылдын октябрында Азейрбайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган.

 

Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн. Анын штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан.

Связанный пост