Кыргызстан менен Азербайжан миграция боюнча келишимге кол коюшту

 Кыргызстан менен Азербайжан миграция боюнча келишимге кол коюшту

Бүгүн КР министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда миграция тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Вюсал Афган оглу-Гусейнов кол коюшту.

Макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик мамлекеттик визитинин алкагында түзүлдү.

Документ Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки мамлекеттин аймагындагы миграциялык процесстерди жөнгө салууга багытталган.

Бул кадам миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Связанный пост