Садыр Жапаров Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин күмбөзүнө жана Шейиттер аллеясындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду.

 

Мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин өмүрлүк жары Зарифа Алиеванын да мүрзөсүнө гүл койду. Ошондой эле белгилүү мамлекеттик ишмер Азиз Алиев жана профессор Тамерлан Алиевдердин элеси эскерилип, алардын мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

 

Андан кийин Садыр Жапаров өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатыр уулдары көмүлгөн Шейиттер аллеясындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу аземине катышты.

Связанный пост