ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак-жай курууга $79 млн бөлөт

 ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак-жай курууга $79 млн бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 79 млн доллар бөлөт. Макулдашууга КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен ИӨБ президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда кол коюлду.

 

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болоорун белгиледи.

 

“Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналат жана мамлекет башчынын көзөмөлүндө”, – деди ал.

 

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Риядга (Сауд Аравия Королдугу) иш сапары менен келген.

 

Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев ИӨБ тобунун менеджерлеринин жылдык жолугушуусуна катышат, ошондой эле каржы институттарынын жана эл аралык компаниялардын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Связанный пост