Түркия Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналынын жогорку деңгээлин тааныйт

 Түркия Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналынын жогорку деңгээлин тааныйт

2023-жылы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндөн кийин Кыргызстандын авиация кызматкерлери жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана жарандык авиация органы тарабынан тийиштүү көзөмөлү үчүн Түркия тарабынан таанылды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Ошентип, Кыргызстандын авиация тармагынын өсүшү жана анын эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга умтулуусу белгиленет.

 

Бүгүнкү күндө Түркия жарандык авиация тармагындагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири катары 2023-жылы жүргүзүлгөн ИКАО аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан авиация кызматкерлерин өз компанияларына жигердүү тартууда.

 

Ошентип, ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги авиациялык персоналга тиешелүү көзөмөлдү жүргүзүп жатканын көрсөттү.

Связанный пост