Адылбек Касымалиев Сауд Аравия жана Кувейттин каржы институттарынын жетекчилиги менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эолугушууда тараптар медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин куруу, жол инфраструктурасын, айыл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жер-жерлердеги учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты

 

Кыргыз-сауд кызматташтыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө Сауд өнүктүрүү фонду өзгөчө роль ойноп жатканы өз ара белгиленди.

 

Бул контекстте Кыргызстандын президенти тарабынан ратификацияланган социалдык турак жайларды куруу боюнча 100 млн АКШ долларын түзгөн долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстан менен фонддун ортосундагы бекем өнөктөштүктүн дагы бир далили болуп саналат.

 

Тараптар жакын арада Кыргызстанда мектеп куруунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоону макулдашты.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле Кыргызстан үчүн Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, фонддун жетекчилигин Кыргызстан тарабынан уюштурулуп, июнь айынын башында Вена шаарында (Австрия Республикасы) өтө турган энергетикалык инвестициялык эл аралык форумга катышууга чакырды.

 

Андан ары Адылбек Касымалиев Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Операция боюнча департаментинин директору Абдулла Халил Аль-Мусайбих менен жолугушту.

 

Тараптар биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү кеңири талкуулашты.

 

Кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сунуштап, Кувейт фондунун жана Араб өнүктүрүү фондунун жетекчилигин Венадагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Связанный пост