Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айдит Эркин Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.Читать далее
“Достук” өткөрмө бекетиндеги коомдук жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрүнүн чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинин Кыргызстан тарабындагы элди тейлөөчү коомдук жайларды ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов чек арадагы өткөрмө бекеттин абалы менен жеринде таанышып, ал жердеги […]Читать далее
Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аныничинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — […]Читать далее
Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; […]Читать далее
Бишкектеги Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты 622,62 чарчы метрди түздү. Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган. Азыркы учурда жер казуу […]Читать далее
Кытай Кыргызстандын көргөзмө борборуна инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев КЭР Соода министрлигине караштуу Кытай Эл аралык экономикалык жана техникалык алмашуу борборунун делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандык ишкерлердин Кытайда өтө турган “Эл аралык кызмат көрсөтүү соодасы көргөзмөсүнө” катышуу маселеси талкууланды. Кытай жер […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде саат 19:28де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, атап айтканда Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 12 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Сиздерди жалпы Кыргызстан элинин биримдигинин символун туюндуруп, эркиндигибиздин энчиси, бакубат турмушубуздун белгиси болуп келген сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Азыркы шаар аймагында байыркы заманда эле адамдар отурукташканын, кийин Улуу […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 16 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу аталган объектилердин курулушунун сапатын жеринде текшерүүдө. Билим берүү объектилеринин курулуш сапатын жана алардын долбоорлорго шайкештигин инспекциялоодо Талас облусунун Талас районунун […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында акылдуу билим берүүнү (SmartEd) каржылоо демилгелерине арналган Араб координациялык тобунун форумунда сөз сүйлөдү. МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен да, Араб координациялык тобунун бардык фонддору менен да кызматташууда көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. «2023-жылдын […]Читать далее