ЖКККББ: “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

 ЖКККББ: “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.

 

Аба ырайы кескин өзгөрүп, азырык учурда Бишкек-Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болууда.

Ошого байланыштуу жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы “Чычкан” посттунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына саат 21:00дөн тартып, убактылуу чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда 15тен ашуун оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

 

ЖКККББ жогорудагы эскертүүлөрдү эске алып, жолдо жүрүүдө ылдамдыкты, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты жана баардык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат

Связанный пост