Коом

УКМК мамлекетке келтирилген 7 миллион сом зыяндын орду толтурулду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары аныкталды. Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик […]Читать далее

Маданият

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТ кабинети иштей баштады

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов белгилегендей, монополияга каршы комитет бекиткен прейскурант боюнча изилдөөнүн баасы изилдөөнүн түрүнө жараша 2200 сомдон ашпайт. «МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат экенин эске алсак, текшерүүдөн толугу менен бекер […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май (КММ) рыногундагы ички рынокто баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2024-жылдын 8-январына карата АИ-92 бензининин республика боюнча орточо баасы литрине 63,03 сомду, дизелдик майы 70,9 сомду/литрди түзөт (КР УСК маалыматы боюнча). Аи-92 бензининин дүйнө жүзү боюнча орточо баасы 2024-жылдын 8-январына карата литрине […]Читать далее

Укук тартиби

“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысына издөө жарыяланды

“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында билдирди. УКМК төрагасы Ташов боюнча депутаттын суроосуна жооп берип жатып, анын “Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты” деп жарыялаган билдирүүсүнүн видеосу тууралуу президенттен уккандыгын айтты. “Мага түнкү […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

Бүгүн, 10-январдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды. Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев маалымат берди. Ал белгилегендей, […]Читать далее

Аймак

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзгөн шаарын айланып өткөн айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылын азайтуу […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого тиешелүү бар делген жаранды кармады

Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны В.Р.Г. кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, КР Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан жаран үстүбүздөгү жылдын 8-январында УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко […]Читать далее

Коом

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер силкинүү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген эмес.Читать далее

Коом

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы былтыр 2022-жылга салыштырмалуу 1 млн

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы жигердүү иш алып барып, мамлекеттик компаниялардын ичинен 2023-жылдын “Мыкты мамлекеттик ишканасы” деп табылды. Жүк ташуу: 2023-жылдын аягына чейин ишкана 9 миллион 326 миң 400 тоннага жакын жүк ташууну пландаштырса, салыштырмалуу 2022-жылы 8 миллион 022 миң тонна жүк ташылган. Быйыл өсүш дээрлик 1 млн 304 400 тоннаны түзөт. […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмуна катталган жарандарга кайтарымсыз акча каражаттар берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу филиалынын директору Төрөбек Нариев менен биргеликте 2023-жылдын аяк ченинде жол кырсыгына учурап чоң чыгымга дуушар болушкан Ош облусунун жарандары Умаралиев Тынчтыбек Сапарбаевичке, Абдилаким уулу Абдыладыга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан сертификаттар тапшырылды. Атап айтсак: Умаралиев Тынчтыбек 2023-жылы май айында «Айыл […]Читать далее