Президент

«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 29-декабрында «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамда ар бир адамдын маалымат эркиндигине, анын ичинде мамлекеттик сектордун субъекттеринин, ушул Мыйзам менен аныкталган маалыматтын башка ээлеринин карамагында турган маалыматтарга жетүү укугун ишке ашырууну жана коргоону […]Читать далее

Аймак

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спорт менен машыгууларына шарт түзүү максатында Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерлигинде курулушу башталган спорт зал, пайдаланууга берилди. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган […]Читать далее

Коом

Токмок шаарында Ислам академиясы түзүлөт. Президенттин жарлыгы

Чүй облусунун Токмок шаарында “Ислам академиясы” мекемеси түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында кол койгон. Жарлыктын тексти үстүбүздөгү жылдын 2-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган. Билдирүүгө ылайык, окуу жай түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет. КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сунуштарын эске алат. Академия теологиялык билим […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылы 111 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын 31-декабрына карата 111 млрд 503,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. План 103,6%га аткарылды же 3 млрд 904,4 млн сом ашыкча чогултулган. Бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 150,1%ды түздү же 37,2 млрд сомго көп чогултулду (2022-жылдын январь-декабрына карата факт 74,3 млрд сомду […]Читать далее

Саясат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап жатып айтты. Анын айтымына караганда, стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын алкагында тараптар Түркия президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан визитин талкуулашты. Министр визиттин так датасын азырынча ачыктаган жок.Читать далее

Спорт

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда рейтингдик мелдешке катышат

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – 62 кг Айсулуу Тыныбекова; – 68 кг Нурзат Нуртаева; – 76 кг Айпери Медет кызы.   Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат. Эскерте […]Читать далее

Коом

Анын чыгармачылыгы кинематографияда жаш сүрөтчүлөр үчүн үлгү — Муса Абдиевге

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында көз жумду. Ал 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Орто Азия айылында туулган. 1951-жылы Муса Абдиев мектеп-интернатты аяктап, Фрунзе сүрөт окуу жайына тапшырган. 1959-жылы окуу жайын аяктагандан кийин, Советтик армияда кызмат өтөгөн. Муса Абдиев өзүнүн чыгармачыл ишин «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында баштаган. 1960-жылдары […]Читать далее

Коом

РКӨФ Кыргызстандын экономикасына 2023-жылы 160 млн долларлык салым кошту

2023-жыл Россия-Кыргыз өнүгүү фонду үчүн бардык көрсөткүчтөр боюнча рекорддуу жыл болду. Бул тууралуу РКӨФ маалымдады. РКӨФтун тарыхында биринчи жолу бекитилген бюджет дээрлик 30%га аткарылып, 128 миллион АКШ долларынын ордуна 160 миллион АКШ долларынан турган долбоор инвестицияланды. Фонддун бүтүндөй ишмердүүлүгүндө бул жыл каржылоонун көлөмү боюнча рекорддуу болуп, мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн эки эсеге көп болду. Жалпысынан алганда […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда былтыр пенсияны каржылоого дээрлик 75 млрд сом бөлүнгөн

Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияны каржылоого 74 млрд 832 млн 490 миң 244 сом (алдын ала) бөлүнгөн. Социалдык фонддон билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 16 млрд сомго көп.Читать далее

Коом

МСК карыз жөнүндө билдирүүлөрдү салык төлөөчүлөргө “жеке салык кабинети” аркылуу

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карызы тууралуу билдирүүлөрдү Cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке салык кабинети” аркылуу жибере баштады. Эгерде салык төлөөчүнүн карызы болсо, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө жөнүндө билдирүү салык төлөөчүнүн макулдугусуз “салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу жиберилет. Билдирүү электрондук түрдө жөнөтүлгөндөн кийин, салык төлөөчү өзүнүн “жеке салык кабинетине” киргендигине же кирбегендигине […]Читать далее