Укук тартиби

УКМК: Ташов менен Куреновдун мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катышкан активдүү

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКсы конституциялык түзүлүштү жана эгемендүүлүктү коргоо маселелерин чечүүнүн алкагында И.Ташов жана Т.Күренов (Т. Кудайберген уулу) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алуу боюнча даярдыктарды көрүү фактысын аныктаган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 245-беренесинде каралган “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык […]Читать далее

Аймак

Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Сузак районундагы Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп, январь айынын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаева социалдык баракчасына жазды. Белгилей кетсек, 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна былтыр жаңысын салуу үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат каралып, курулуш иштери октябрь айында башталган. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын болуп өттү. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары-акимдер катышты. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн жазгы үрөнү 83,3%га камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 67,2 миң тонна үрөн керектелсе, анын 56 миң тоннасы топтолду, башкача айтканда бул 83,3%ды түзөт. Жетпеген үрөндөр Россиядан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация […]Читать далее

Коом

Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке киргизди. МСКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат. Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан “Каттоо” бөлүмүн тандап, андан кийин “Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү” бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн төмөндө […]Читать далее

Коом

Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу маселеси талкууланды

Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын”, “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” жана жеке ташуучу компаниялардын жоопту кызматкерлери жана бригадирлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттогу GPS трекерлердин иштешин көзөмөлгө алуу, трекерди өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктап чара колдонуу, […]Читать далее

Коом

Кыргызстанга жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизель керектелет

Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71,5 сом болууда. “Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63,5 сомдон дизель отуну берилип […]Читать далее

Аймак Коом

Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор курулат

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбордун курулушу башталды. Керектүү жабдыктар келип түштү. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Логистикалык борбордун курулушу аяктаса, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт. Борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып жатат. Ошондой эле USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу КРнын УКМК маалымдады. Мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, […]Читать далее

Коом

ЕБ санариптештирүүгө кайтарымсыз  3 млн евро которду

2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз билдирди. Аталган гранттык каражаттар КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу  Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү […]Читать далее