Жаңырган жылда ӨКМ куткаруучулары үчүн дагы бир жакшы саамалык орун алды. КР ӨКМ пресс-борборунун маалыматына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын күжүрмөн даярдыгын тиешелүү деңгээлде кармоого түзүлгөн шартты жакшыртуу аракети көрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каржылоосу менен тоо-кен куткаруу иштеринде колдонулуучу заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалды. Россия Федерациясынан келген шаймандардын арасында ар […]Читать далее
нергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өткөн жылы планда каралган 750 миң тонна көмүрдүн ордуна жалпысынан 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында борборубуз Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн тоннага болгон […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө ишкерлерине кайрылып, бүгүн ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койгондугун эске салды. “Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары). Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-январда, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге тараптар Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле анын […]Читать далее
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө өлкөнүн чек арасындагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөл күчөтүлөрүн эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамына ылайык, республиканын аймагында карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келинишинен, киришинен, жана/же жайылып кетүүсүнөн коргоо, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана региондордо фитосанитардык абалды туруктуу […]Читать далее
Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унааны акысыз гранттык негизде өткөрүп берди. Бишкекке атайын техника жакын арада келет. Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан. Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында газ менен жүрүүчү автобустар кайрадан каттамга чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Бүгүн, 9-январдан тарта Жалал-Абад шаарындагы газ менен жүргөн автобустар кайрадан каттамга чыкты. Алардын убактылуу ишке чыкпай турганына өткөн жылдын декабрь айында күн суук болуп, газдын басымы төмөндөгөндүктөн Өзбекстанда метан куюучу бекеттерде узун кезек жаралып, чектөөлөр киргени себеп болгон. […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында анын кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен тар форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобунун 6-жыйынын өткөрүштү. Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жана Биргелешкен топтун отурумунун алкагында тараптар мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордош мамилелердин учурдагы абалын жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: […]Читать далее